Түркмөн президентинин китеби чыкты

5-Сен. 2017, Шейшемби

Саламаттыкты сактоо жана медициналык жардам министрлигинде Гурбангулы Бердымухамедовдун “Түркмөнстандын дары чөптөрү” аттуу илимий китебинин бет ачары болду.

Басылмада түркмөн флорасынын 109 өкүлүнүн дарылык каситети тууралуу жазылган. Биринчи бапта (глава) өсүмдүктөрдүн ареалы, сырткы көрүнүшү, биологиялык өзөчөлүктөрү, химиялык курамы жана колдонуу ыкмалары баяндалган. Ал эми калган бөлүмдөрүндө алардын дарылык касиети, пайдалануу боюнча сунуштамалар камтылган. Булардан тышкары китепте өсүмдүктөрүн аталышы боюнча орусча-латынча-түркмөнчө сөздүк, аларды жыйноо мезгли, сактоо мөөнөтү боюнча маалыматтар берилген.

2016-жылдан бери мамлекет башчысынын макал-лакаптар, ахалтекин жылкысы тууралуу жазылган беш китеби жарык көрдү. Ошондой эле бул басылмалар бир нече тилдерге которулган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!