Өрттөн улам миңдей адам көчүрүлдү

6-Сен. 2017, Шаршемби

Американын Юта штатынын миңден ашык тургуну токойдогу өрттөн улам көчүрүлдү. Жалын эки чарчы чакырым аймакты каптап, беш үйдү жабыркатты. Жоготууларды алдына алуу максатында жергиликтүү бийлик мектептерди жапты.

Америкадагы Орегон атуу штатында токой өртү 40 чарчы чакырым аймакты каптады.

Жергиликтүү бийлик 400 үйдүн тургундарын көчүрүүнү чечип, Малтнома окуругунда өзгөчө кырдаал жарыялады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!