Илон Маск: жасалма интеллект кооптуу

6-Сен. 2017, Шаршемби

Өзүнүн “Twitter”деги баракчасында “SpaceX” жана Tesla” компанияларынын негиздөөчүсү Илон Маск Корей жарым аралындагы курч кырдаалга караганда, адамзат мындан ары көбүрөөк жасалма интеллектке көңүл бөлүп, тынчсыздануусу керектигин жазган.

Илон Маск: «Эгер жасалма интеллектин коопсуздугу тууралуу кабатыр болбосоңуз, анда тынчсызданыңыз. Бул - Түндүк Кореядагы кырдаалга караганда коркунучтуу",-деп айтты.

Миллиардер билдирүүсүнө сүрөт тиркеп, ага төмөндөгүдөй жазган: «Акыр аягы машиналар жеңет”. Маск ушундайча, өзү тарабынан курулган “OpenAI” изилдөө компаниясы жума күнү, 11-августа өткөн "The International 2017” эл аралык мелдеште ИИ боюнча кесипкөй геймердин утулуусуна жооп берди.

Эскерте кетсек, Маск буга чейин дагы бир нече ирээт жасалма интеллект адамзатка коркунуч жаратып келе жатканын билдирген. Анын оюу боюнча, бул сфера өтө эле тездикте өнүгүп келе жатат жана аны токтотпосо көйгөйдү чечүү кеч болоорун айтып келет. Буга байланыштуу миллиардер “Neuralink” компаниясын түзүп, анда имплантациялануучу нейрокомпьютерлик интерфейстер өндүрүлмөкчү. Изилдөөнун максаты- адамдын мээсин жана жасалма интеллектти имплант менен байланыштыруу болуп саналат. Маск, адамзат жасалма интеллектти башкара алат деп үмүттөнөт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!