БУУ: Араканда этникалык тазалоо коркунучу бар

6-Сен. 2017, Шаршемби

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Баш катчысы Антонио Гутереш БУУнун Коопсуздук кеңешине Аракандагы зомбулукту токтотуу үчүн жасала турган кадамдарды сунуштаган кат жолдоду.

Журналисттердин "аймакта этникалык тазалоо жүрүп жатабы?" деген суроолоруна жооп берген Гутереш “Ушундай кооптонуу бар. Бирок анчалык чекке жетпейт деп ишенем”,-деди.

Ракхайндагы (Аракан) жагдайдын келип чыгышы, аны чечүү планына токтолгон Баш катчы аталган штаттагы мусулмандарга жарандык, эркиндик, иштегенге, билим алганга укук берүү, саламаттык боюнча кызматтардан пайдалануу сыяктуу мыйзамдуу статус берилиши керектигин билдирди.

1 күндө 35 миңден ашуун качкын

БУУ Мьянмадан Бангладешке өткөн мусулмандардын саны өсүп жатканын, акыркы 24 саатта 35 миңден ашканын аныктаган. Окуялар башталган 25-августан бери 123 миң адам Ракхайн штатындагы зомбулуктардан качканы белгиленүүдө.

Аракан Ракхайн Куткаруу армиясынын согушкерлеринин полиция бекеттерине кол салууларына Мьянма армиясы кийлигишкенде аракандык мусулмандар үйлөрүнөн кача баштаган.

Армия жөнөкөй жарандарга кол салган согушкерлер менен күрөшүп жатканын белгилөөдө. Аймактагы өнүгүүлөрдү көз карандысыз булактар аркылуу чагылдыруу абдан кыйын. Анткени ал жактарга кирүүнү Мьянма бийлиги татаалдаштырып койгон.

БУУ акыркы жолу качкындар белгиленген жерлерине качан жеткени тактала электигин билдирген. Бирок азык-түлүккө, жайгашуучу жайларга муктажтардын саны улам көбөйүп жатканын белгилөөдө. Аталган уюмдун аймактагы эки лагеринде орун калбагандыгын айткан маалымат катчысы адамдар сыртка , жолдордун жээктерине жатууга аргасыз болгонун кошумчалады. Ошондой эле билдирүүдө чек арага жол алгандар алты күн жол жүрүп, күнүнө 50-60 чакырым жөө басары, тамак ашка жана сууга муктаждык чоң экени жазылган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!