Дүйнөдөгү меймандос өлкө аныкталды

7-Сен. 2017, Бейшемби

Дүйнөдөгү меймандос эл – Чыгыш Африкадагы Комор мамлекети аталды. Бул тууралуу “Лента.ру" сайты "Passport Index"ге шилтеме берип маалымдады.

Меймандос өлкөнү аныктоо учурунда виза маселесине көңүл бурулган. Канча мамлекеттин жарандарына визасыз кирүүгө уруксат бар, кирүүдө электрондук уруксат же болбосо келишим менен виза жагынан жол-жоболоштуруу караштырылган же караштырылбаганы сыяктуу дагы башка суроолор каралды.

Комор өлкөсү 103 позициядан куралган рейтингдин көч башында орун алган. Бул мамлекетте 198 өлкөнүн жарандары үчүн жеңилдетилген тартип караштырылган. Андан соң тизменин башында Кот-д Ивуар, Гвинея-Бисау, Мадагаскар, Мальдивы, Мавритания, Микронезия Федеративдүү Штаттары, Мозамбик, Самоа, Сейшел, Чыгыш Тимор, Тоголез Республикасы, Тувалу жана Уганда турат.

Экинчи орунда Кабо-Верде менен Доминика жайгашкан. Аларда 197 мемлекеттин жарандары үчүн жеңилдетилген виза режими киргизилген. Меймандос өлкөлөрдүн үчилтигин Палау толуктайт. Бул республиканын көрсөткүчү – 196 мемлекет.

Төртүнчү сапта Джибути орун алса, бешинчиде — Гаитиге буюрган (195 жана 194 өлкө). Алдыңкы ондукка Макао, Сент-Винсент менен Гренадины, Камбоджа, Непал менен Эквадор кирген.

Кыргызстан 61чи орунду ээлеп, 81 өлкөнүн жарандарына жеңилдетилген тартип киргизилген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!