Өзөктүк кризис күч алууда

7-Сен. 2017, Бейшемби

Түндүк Кореянын ушул мезгилге чейинки эң күчтүү өзөктүк сыноосу дүйнөлүк деңгээлде талкууланууда. Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Түндүк Корея дагы бир сынак өткөргөнү жатканын кабарлады. Ага АКШ “өзөктүк жооп беребиз” деп коркутту. АКШнын президенти Дональд Трамп менен Японияны премьер-министри Синдзо Абенин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнөн кийин Ак сарайдан келген билдирүүдө “Президент АКШнын жерлерин жана союздаштарын бардык дипломатиялык чаралар, салттуу жана өзөктүк мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу менен коргоо жоопкерчилигин алат” деген сөздөрү көңүл бурдурду. Трамп буга чейин Түндүк Кореяга карата аскердик чаралар талкууланып жатканын айтып келсе, бул жолу өзөктүк куралдар тууралуу алгач ирет кеп кылгандай болду. Вашингтондон дагы бир катаал жооп АКШнын Коргоо министри Джеймс Мэттистен келди. “АКШ же Гуам сыяктуу жерлерге коркунуч жараткан кол салууга катаал жооп кайтарылат”.-деди ал.

Кытай: Адилеттик эмес

Трамптын “АКШ Түндүк Корея менен иш кылган бардык мамлекеттер менен соодасын токтотууну ойлонуп жатат” деген билдирүүсү Пхеньян менен жакын мамиледеги Пекиндин каршы пикирин жаратты. Кытайдын Тышкы иштер министринин маалымат катчысы “Биздин оюбузча кабылданбай турган бир жагдай бар. Бул абалды тынчтык жолу менен чечүүгө абдан көп аракет жумшап жатканыбыз. Экинчи жактан кызыкчылыктарыбызды санкцияларга дуушар болуп жатканы. Бул адилеттик эмес”,-деди ал.

“Радиоактив табылган жок”

Кытайдын Өзөктүк коопсуздук комитети Түндүк Кореянын сыноосунан кийин аталган өлкөгө жакынкы аймактарда радиоактивдүү зат табылбаганын белгиледи. Пхеньяндын суутек бомбасын сынаганы үчүн БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерештен тынчтыкты бузган аракет катары сыпаттаган каршы пикир келди. Аймакта чыңалуу күчөп жатканда Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Түндүк Корея кайрадан ракета сыноого даярданып жатканын кабарлады. Ошондой эле бул континеттер аралык ракета экенин кошумчалашты. Экинчиден Түштүк Корея Пхеньянга жооп катары баллистикалык ракталарды пайдаланган аскердик машыгуу өткөрдү. Анда Түндүк Кореянын өзөктүк ишмердиктерин жүргүзгөн аймак бутага алынган сыяктанды.

Тынчтыкка басым жасады

Ал ортодо Сеул өкмөтү Трамптын мурдагы күнү “Түштүк Корея мурда айтылгандай эле Түндүк Кореяны жумшартуучу сүйлөшүүлөр ишке жарабагандыгын көрдү. Алар болгону бир нерседен кийин түшүнөт!”,-деген жообуна көңүл бурдуралык жооп берди. “Корея бир туугандык урушту башынан өткөргөн өлкө. Өзөктүк куралсыздандырууну союздаштарыбыз менен иштеп, тынчтык жолдор менен чечүүнү улантабыз” Швейцария кризисти чечүүдө ортомчулукту мойнуна алды.

Россия АКШга эскертти

Москва Түндүк Кореяга аймактагы туруктуулукту бузбоо боюнча эскертти. Ошону менен бирге бул өлкөнүн өзөктүк ишмердиктерин олуттуу коркунуч катары эсептебей тургандыгын белгиледи. Россиянын Тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков “Ушундай абалда олдоксон кадам саясий, аскерий жарылууга жол ачышы мүмкүн”,-деген пикирин билдирген. Ошондой эле АКШнын Түштүк Кореядагы THAAD же баллистикалык ракетадан коргонуу системасы боюнча пландарына аскердик жооп берилерин белгиледи.

Сеул жана Вашингтон бийликтери Түндүк Корея коркунучуна каршы ракетадан коргонуу системасы жылдын аягына чейин Түштүк Кореянын Сонджу аймагына жайгаштырыларын жарыялаган.

Башкы максат Пекинди кысуу

Түндүк Кореянын өзөктүк сыноосунун бир гана союздашы Кытайда өткөн БРИКС саммитинин алгачкы күнүнө туура келгени Пекин өкмөтү үчүн уялта турган катары белгиленди. Анализдерге караганда Пхеньяндын башкы максаты Кытайды АКШ жана Түндүк Кореянын ортосунда түздөн түз сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө ортомчу кылууга ишендирүү. Ренмин университетинин Американы иликтөө борборунун жетекчиси Ши Иньхон Түндүк Кореянын өзөктүк жана ракета сыноолору барган сайын Кытайды оор позицияга алып бара жатканын белгиледи. Гонконг университетинин саясий илимдер боюнча профессору Пьер Кабестан Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын максаты Пхеньянга каршы эл аралык санкцияларга катышкан Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге кысымды арттыруу экенин билдирди. Кабестандын айтымында Ким дыкатык менен иш кылышы керек. Анткени “Кытай Түндүк Кореянын жалгыз гана жан куткаргычы”. Өткөн май айында Түндүк Кореянын эки баллистикалык сыноосу Кытайдын “Бир алкак – бир жол” долбоору талкууланган саммитте Си Цзиньпин сүйлөөр алдында ишке ашырылган.

“Трамп кызматтан алынат”

Бир жагынан “WikiLeaks” уюмун негиздеген Жулиан Ассанж АКШнын президенти Дональд Трамптын Пхеньяндан да Пекин менен сооданы токтотууну чечсе кызматынан алыстаарын айтты. Бул боюнча “Twitter” баракчасына билдирүү жазган Асанж “Түндүк Кореянын соодасынын 90 пайызы Кытай менен жүрүп жатат. Эгер Трамп АКШнын Кытай менен болгон 650 миллиард долларлык соодасын токтотсо күтүүсүз кызматынан четтетилет”,-деген сөздөрүн айткан.

Булак: www.cumhuriyet.com.tr

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!