​Уулуу жумуртка 40 өлкөгө жайылды

7-Сен. 2017, Бейшемби

Фипронил аттуу дары аралашкан жумурткалар кыркка жакын мамлекетке жайылган.

Буга чейин уулуу жумуртка Европа биримдигинин (ЕБ) Литва, Португалия, Кипр жана Хорватия мамлекеттеринде сатылган болсо, эми АКШ, Россия, Түштүк Африка жана Түркияга жеткени белгилүү болду.

Миллиондогон уулуу жумуртка Европадагы маркеттерде сатыктан алынганы менен, айрым жетекчилер дары аралаш жумуртка печенье, торт сыяктуу тамак-аштар аркылуу азык-түлүккө көптөн бери киргенин болжолдоодо.

“Reuters” агенттигинин билдиргенине караганда ЕБге мүчө мамлекеттердин Айыл чарба министрлери бул боюнча чара көрүү максатында Эстониянын борбору Талинде чогулганы турат.

Фипронил жаныбарларды бүргө жана кенелерден арылтуу максатында пайдаланылат. Бирок аларды кармоочу жайларды тазалоо максатында колдонууга уруксат берилбейт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!