Ирма ураганы жеткен жерин кыйратууда

7-Сен. 2017, Бейшемби, 15:35

Илгерилеген сайын ылдамдыгы саатына 300 чакырымга жеткен Ирма ураганы Кариб деңизиндеги аралдарга келди. Атлантика океанынан башталган бороон АКШнын Флорида штатына жетери күтүлүүдө.

Кариб деңизининин түндүгүндө жана чыгышындагы аралдарга жеткен ураган аймактагы үйлөрдү учуруп, селди пайда кылды. Бириккен улуттар уюму жаратылыш кырсыгынын терс таасири 37 миллион адамга тиерин эскертти.

5-категориядагы күчтүү Ирма ураганы Франциянын Сен-Мартен жана Сен-Бартелеми аралдарындагы үйлөрдүн чатырларын учуруп, аймактагы электр жабдыктарын жарактан чыгарган. Франция жабырланган аралдарга суу жана азыктардан турган жардам жөнөттү.

Эки адам көз жумду

Франциянын деңиз жээктери боюнча жооптуу министри Анник Жирарден жаратылыш кырсыгынана эки адам көз жумганын, дагы экөө оор жаракат алганын кабарлады.

Голландияга караштуу үч аралга жардам алып келген аскерлер ал жактарда кыйроолор көп экендигин, бактыга жараша жоготуу жок экендигин белгилешкен.

Антигуа жана Барбуда аралдарында үстүнөн өткөн бороондон кийин ал жактарда жашаган 1 миң 700 тургун менен байланышууга мүмкүн болбой жатканы белгилүү болду.

Шаршембиде түштөн кийин Ирма ураганы Пуэрто-Риконун борбору Сан-Хуан шаарынын 150 чакырым чыгышында жана Виргин аралдарынын 35 чакырым аралыкта түштүк чыгышында болду.

Урагандын спутниктен көрүнүшү

АКШнын Улуттук Метеорология уюму Пуэрто-Рико 1928-жылы Сан-Фелипе ураганынан бери мынчалык күчтөгү бороон көрбөгөндүгүн белгиледи. Сан-Фелипе бороону Гваделупе, Пуэрто-Рико жана Флоридада жалпысынан 2 миң 700дөн ашык адамдын өмүрүн алган.

Дональд Трамп Флорида, Виргин аралдарында жана Пуэрто-Рикодо өзгөчө кырдаал жарыялады.

АКШнын президенти Дональд Трамп Конгресстеги лидерлер менен каражат бөлүү жагы макулдашылганын, өткөн аптада Техас штатын жабыркаткан Харви жана эми күтүлгөн Ирма ураганынан жабыр тарткандарга жардам берилерин айтты.

Жакындаган Ирма бороонунан улам тамак-аш жана суусундук камдап алууну көздөгөн Флориданын эли маркеттерге агылууда. Алар көбү сууларды сатып алышкан.

Ирманын күчү сакталары болжолдонууда

АКШнын Улуттук Метеорология уюму бороондун ылдамдыгы алдыңкы эки-үч күндө өзгөрөрүн болжолдогон. Бирок күчү 4-5 катеогрияда сакталары кошумчаланган.

Флорида штатынын губернатору Рик Скотт каардуу бороон 25 жыл мурда Флоридада болгон, айрым аймактарды толугу менен жок кылган Эндрю ураганынан дагы ылдам жана күчтүү экенин айтты. Флориданын айрым райондорунда коопсуз жайларга көчүү буйругу берилди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!