БУУ: Сирияда зарин газы колдонулган

7-Сен. 2017, Бейшемби, 17:04

Бириккен улуттар уюму (БУУ) жүргүзгөн иликтөөлөрүнүн жыйынтыгында Сирияда зарин газы колдонулганын аныктады.

БУУ тарабынан келген билдирүүдө апрель айында Сирияга тиешелүү согуштук учактар Идлибде зарин газы колдонгонун, анда 80ден ашык жаран көз жумганы белгиленген.

“Өкмөттүк күчтөр оппозициянын көзөмөлүндөгү аймактарда химиялык куралдарды колдонууну улантты. Анда Идлибде көбү балдар жана аялдардан турган жарандар көз жумду”,-деп жазылган.

БУУнун билдирүүсүндө бүгүнкү күнгө чейин аймакта жалпысынан 33 химиялык кол салуу болгону, алардын жетөө Асад режими тарабынан март жана июль айларында ишке ашырылганы белгиленген.

Сириянын президенти Башар Асад өткөндөрдө химиялык курал пайдаланылганы боюнча айтылгандарды четке каккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!