Швейцарияда шоколаддын жаңы түрү чыгарылды

7-Сен. 2017, Бейшемби, 18:02

Аталган өлкөдө 80 жылда биринчи жолу шоколаддын жаңы түрү чыгарылды. Жаңы түр кара, сүттүү жана ак шоколаддардан кийинки төртүнчүсү болот.

“Росбалт” агенттигинин маалыматына караганда шоколаддын "рубин" аттуу жаңы түрү кызгылт түстө. Ошондой эле жемиш даамданат. Аны өндүрүүдө химиялык заттар эмес, рубин түстөгү чыныгы какао-буурчагы (какао-бобы) колдонулат.

Ачылыш тууралуу жарыялаган “Barry Callebaut” компаниясы шоколаддын жаңы түрүн тапканбы же жөн эле жарнамалык жүрүшпү азырынча белгисиз.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!