БУУ Мьянмадан качкандарга 7 миллион доллар бөлөт

8-Сен. 2017, Жума, 11:03

Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) жетекчилиги Мьянманын качкындарына жардам берүү үчүн Өзгөчө кырдаалды жөнгө салуу борбордук фондунан 7 миллион доллар бөлөт. Бул тууралуу гуманитардык маселелер боюнча БУУнун Баш катчысынын орун басары Марк Лоукок билдирген.

Лоукок фонд кошумча баш паанек жана азык-түлүк менен камсыз кыларын, ошондой эле оор абалда жаткандарга медициналык жардам көрсөтөрүн билдирди. Андан тышкары ал гуманитардык жардамды тоскоолдуксуз жеткирүү жана Мьянманын качкындарынын коопсуздугуна кепилдик берүү зарылдыгын кошумчалады.

Буга чейин Индонезиянын Мьянмадан качкандарга гуманитардык жардам жиберери белгилүү болгон.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!