Экс-президенттер жабыркагандарга жардам берет

8-Сен. 2017, Жума, 12:49

АКШнын экс-президенттери “Харви” жана “Ирма” урагандарынан жабыркагандарга жардам берүү максатында фонд түзүштү. Бул боюнча “РИА Новости” агенттиги жазды.

“Бирдиктүү Америкага чакырык” фондун түзүүгө АКШнын беш президенти: Барак Обама, Кичүү Жорж Буш, Билл Клинтон, Улуу Жорж Буш жана Жимми Картер катышты.

Учурдагы президент Дональд Трамп мындай демилгени колдоорун айтты.

“Кандай гана катуу шамал, көп өлчөмдөгү суу каптабасын бардыгына каршы турабыз. Мен башка президенттердин “Бирдиктүү Америка чакырыгын” сыймыктануу менен колдойм”,-деп жазды Трамп Твиттерге.

Алгач фонд “Харвинин” кесепеттери менен күрөшүү үчүн түзүлөрү болжолдонгон. Кийин ал “Ирмадан” жабыркап жаткандарга да жардам бере турган болду.

Акчалар “OneAmericaAppeal” сайтында топтолот. Ошондой эле Улуу Жорж Буш ачкан президенттик китепкананын атайын эсебине чогултулат.

“Харви” 1 миллионго жакын тургундун үй-жайын жараксыз кылды. Анын чыгымы 180 миллиард долларга бааланууда. Ал эми “Ирма” бороонунун кесепети аныктала элек.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!