Күндөгү ири жарылуу байланышты начарлатты

8-Сен. 2017, Жума, 13:00

Кечээ, 7-сентябрь күнү эртең менентен тартып өнөкөт оорулардан жапа чеккен адамдардын ден-соолугуна таасир берүүчү күчтүү магниттик бороон күтүлүүдө.

“6-сентябрда болгон бул кубулуш акыркы 12 жылдан кийин кайталаган эң күчтүү Күндөгү жарылуу Европа менен Америкадагы байланыштын начарлоосуна алып келди. Окумуштуулар белгилешкендей, коммуникациялык системалардын начарлашынан тышкары күн энергиясынын жарылуусу космостук технологиянын да начарлашына алып келүүсү мүмкүн”,-деп кабарлайт “TASS”.

Н.В. Пушков атындагы Россия Илимдер академисыянын Жердеги магнетизм институтунун космостук аба ырайы борборунун жетекчиси Сергей Гайдаш: «Биз жалындын чыгышын максимумга жакын деп бааалайбыз - X9,3 (тамга өтө чоң дегенди, ал эми сандар жалындын күчүн билдирет). Ал космостук технология менен байланыш системасына коркунуч туудурат. Жалын Европа менен Америкадагы байланыштын начарлоосуна алып келди”,- деди ал.

Бул класстагы күндөгү заттардын чыгаруусу күчтүү магниттик бороондун пайда болуусуна себеп болот. Бул өнөкөт оорулар менен ооруган адамдардын ден соолугунун начарлашына алып келиши мүмкүн.

Буга чейин рентген астрономия лабораториясында күндөгү жарылуу уюлдук жаркыроо сыяктуу көрүнүштөрдү алып келиши мүмкүн экендигин билдиришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!