Ташкентте 8 тонна палоо даярдалып жатат

8-Сен. 2017, Жума, 16:43

8-сентябрда Гиннес рекорддор китебинин өкүлдөрүнүн катышуусунда эң көп өлчөмдө палоо даярдала баштады. Анда 50 ашпозчу 8 тоннага жакын күрүч басат. Жалпысынан тамакты даярдоодо жана таратууда күнү-түнү түрдүү кызматтардын эки жүздөй өкүлү иш алып барат.


Тамакты даярдоого рекорддук көрсөткүчтө азык-түлүк кетет. 1500 килограмм уйдун, 400 килограмм койдун эти кошулат. 220 килограмм койдун майы, 1900 килограмм күрүч керектелет. Абдан чоң казанга жасалган тамакка 2700 килограмм сабиз, 220 кг пияз, 440 литр өсүмдүк майы, 57 килограмм туз салынат. Булардан тышкары 190 килограмм мейиз, 5 килограмм зире, 2 килограмм кара мурч, 1 килограмм куркума, 350 литр суу кошулат.
Уюштуруучулар палоонун көп бөлүгү балдар жана карылар үйлөрүнө таратыларын соц тармактарга жазды.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!