Миңдеген тургундар Брекситке каршы жүрүш жасады

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 13:57

Лондондо Улуубританиянын Евро биримдиктин (ЕБ) курамынан чыгуусунан каршы болгондор жүрүшкө чыкты. Бул тууралуу “Би-би-си” кызматы кабарлады.

“Европа үчүн элдик жүрүштүн” катышуучулары шаардын борборундагы парламенттин имаратына жакынкы аянттан өттү. Көпчүлүгү жүрүшкө сары, көк кийимчен келишкен. Колдоруна ЕБдин желегин жана “Брекситтен чыгуу” деген плакаттарды кармап алышкан.

Либерал-демократтар партиясынын лидери Винса Кейблдин айтымында, "брекситтин" кесепетине тынчсызданган элдин саны көбөйүүдө. Ал эми Лорддор палатасынан баронесса Пейшенс Уиткрофт демонстранттарды Британияны ЕБдин курамында сактап калуу боюнча кампанияны улантууга чакырды.
“Биз “брекситти” токтотушубуз керек. ЕБге кошулганда бизде тынчтык жана өнүгүү болгон. Бардыгын мурдагыдай калтыруу туура”,-деген ал.

Уюштуруучулардын баамында жүрүшкө 10-15 миң эл чогулган. Бирок ал башталганда катышуучулардын саны 50 миңге жеткен.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!