Элдешүү үчүн болгон сүйлөшүүдөн уруш чыкты

11-Сен. 2017, Дүйшөмбү, 16:47

“Террорду колдоду” деген айыптоолорго кабылган Катарга Перс булуңундагы мамлекеттер дале каршы пикирлерин айтууда.

Сауд Арабиянын мураскор принци Мухаммад ибн Салман Аль Сауд менен Катар эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Танинни ортосунда кризис башталгандан бери жогорку деңгээлдеги сүйлөшүү болду. Бирок экилтиктин диалог максатындагы телефон аркылуу сүйлөшүүсү башка бир кризиске жол ачты. Сауд Арабия, Катар мамлекеттик агенттигинин сүйлөшүүгө байланыштуу кабарын “чындыктын бурмаланышы” катары сыпаттап, Катар менен диалогду кайрадан сынга алды.

Кризистин келип чыгышына эки өлкөнүн мамлекеттик агенттиктеринин түрдүү мазмундагы маалыматтары себеп болду. Сауд Арабиянын “SPA” мамлекеттик агенттиги “Сүйлөшүү учурунда Катар эмири сөзгө келүү жана төрт өлкөнүн талаптарын бардыгынын кызыкчылыктарын эске ала тургандай талкуулоо зарылдыгын айтылды. Жыйынтыгы Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет менен сүйлөшүүдөн кийин жарыяланары белгиленди”,-деп жазган.

Катар мамлекеттик агенттигинин кабарында телефон аркылуу сүйлөшүүлөр АКШнын президенти Дональд Трамптын сунушу менен болгону белгиленген. Эки лидер Перс кызматташтык кеңешинин мүчөлөрүнүн биримдик жана туруктуулукту сактап калуу үчүн талкуулоону туура көргөнү жазылган.

Сауд Арабия бул билдирүүлөргө каршы пикирин айтты. Анда “Катар кабар агенттиктери жарыялаган билдирүүлөр жетекчилеринин чындыкты бурмалаганынын уландысы”,- деп басе белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!