БУУ: Мьянмада этникалык тазалоо жүрүүдө

12-Сен. 2017, Шейшемби, 12:45

Бириккен улуттар уюму (БУУ) Мьянмада этникалык тазалоонун үлгүсү жүрүп жатканын айтты.

БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Зейд Раад аль-Хуссейн Женевада сүйлөгөн сөзүндө Мьянма армиясынын Аракан штатындагы аскердик операцияларын “жырткычтык жана өлчөмсүз” катары сыпаттады.

270 миң аракандык мусулман үйлөрүн таштап, Бангладешке качкандыгын айткан аль-Хуссейн “Бул сандан да көбү чек арада калды”,-деди.

Өкмөт атышууну токтотууну жокко чыгарды

Зейд Раад аль-Хуссейн “Мьянма өкмөтүн аёсуз аскердик операцияларды токтотууга чакырам. Аракандык мусулмандарга карата катаал басмырлоо аякташы керек”,-деди ал.

Аракан куткаруу армиясы (ARSA) жекшембиде штаттагы гуманитардык кризистен улам бир айлык бир тараптуу ок атышууну токтотууну жарыялаган. Бирок Мьянма өкмөтү бул сунушту четке каккан.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!