101 жаштагы педофил жабырлануучуга 32 миң доллар төлөйт

12-Сен. 2017, Шейшемби, 13:00

Лондондун тургуну 101 жаштагы Дуглас Хаммерслиге 40 жыл мурда жашы жете элек кызга зордук көрсөткөн деген айып тагылды. Бул тууралуу “Вести.ru” кабарлады.

Айыпталуучу бул окуяны унутуп калганын айткан. Ага карабастан сот жабырлануучуга айып пул ирээтинде 32 миң доллар төлөөнү милдеттендирген.

Жабырлануучу Хаммерслидин 100 жаш маареке тоюнун урматына туугандары чоң майрам уюштурушканын гезит беттеринен көрүп калып полицияга кайрылган. Британиялык аялга сотко катышууга уруксат берилген эмес.

Сот британиялык айымдын аракетин «туура чечим” деп баалады. Айып пулдан бөлөк, Хаммерсли эки жылга шарттуу түрдө соттолду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!