Макрондун реформасына нааразылар көчөдө

13-Сен. 2017, Шаршемби, 11:43

Француздар президент Эмануэль Макрондун “Иш боюнча реформа мыйзамына” каршы чыккандар нааразычылык акцияларына чогулушту.

Каршылык акциялары Париж, Марсель, Нант, Рен жана Лион шаарларында өттү. Иш-чарага эки профсоюзду эске албаганда бардык жумушчу жана студенттердин конфедерациялары катышты.

Башкы Эмгек конфедерациясынын аракети менен көчөгө чыккандардын саны шаардык бийликтин маалыматы боюнча 24 миңге жеткен. Ал эми профсоюз уюмдары 60 миң адам жүрүшкө катышканын белгиледи.

Бул көрүнүш Макрондун мезгилиндеги биринчи нааразычылык акциясы катары тарыхта калды.

“Макрон кайда?”

Эмануэль Макрон реформага каршы болгондорду “жалкоо жана радикал маргиналдар” деп сыпаттады. Демонстранттар “Жалкоолор бул жакта, Макрон кайда” деген ураандарды айтышты.

Көчөө жүрүштөрү өтүп жатканда Макрон өлкөнүн “Ирма” бороонунан жабыркаган аймактарында жүргөн.

Таштар ыргыды

Париждеги аракеттер катаал өттү. Бастилия аянтында ураан чакырып, Италия аянтына багыт алган элдин алдыңкы сабындагы анархиялык топтор полиция менен кагылышты.

Беткап тагынган кара кийимчен демонстранттар “Полицияларды жек көрөбүз” деген ураандардын коштоосунда ыргыткан таштар жарнама такталарынын айнектерин талкалады. Акциянын катышуучуларына полиция көздөн жаш агызуучу газдарды колдонгонго аргасыз болду.

Лидерлерден каршы пикир

Радикал сол партиянын жетекчиси, “La France Insoumise” (Моюн сунбаган Франция) кыймылынын лидери Жан-Люк Меланшон Марсель шаарында акцияга катышты. Ал “Макрон бул жак Англия эмес, Франция экенин көрсүн”. Француздар жапайы либерализмди каалашпайт. Бул мыйзам үчүн акырына чейин тирешебиз”,-деди ал.

Профсоюздун Башкы катчысы Филиппе Мартинес “Бул мыйзамга карата күчүбүздү көрсөтөбүз”,-деди.

Өкмөт жана оппозиция оюнан кайткан жок

Болуп жаткандарга карабастан өкмөт артка кайтпай тургандыгын билдирди. Өлкөнүн эң күчтүү профсоюз конфедерациясы 21-сентябрда кайрадан көчөгө чыгаарын, Моюн сунбай турган Францияда 23-сентябрда чогулуп, жалпы өлкө боюнча мыйзамга каршылыгын билдиришерин жарыялады.

Мыйзам эмнени алып келет?

Жаңы мыйзам жумушчу жана кызматкер деп бөлбөйт. Жамааттык келишим шарттарын өзгөртөт.

Айрыкча азыраак ишеним берген келишимдерди, жумуштан чыгаруудагы компенсациялардын бир бөлүгүн чектейт. Элүүдөн аз адам иштеткен ишканаларга прфосоюзсуз эле соодалашуу укугу берилет. Кыска мөөнөттүү иш келишимдерин көп пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!