Каржы пирамидасы үчүн камалды

13-Сен. 2017, Шаршемби, 12:38

Кытайда пирамида ыкмасы менен 900 миң “инвестор” тапкан же жалпы 7.6 миллиард доллар айландырып жатканы менен айыпталган “Yucheng Group” ишканасынын ээси Динг Нинг өмүр бою эркинен ажыратылды.

Өлкө тарыхында Интернет аркылуу ири өлчөмдө акча айландыруу доосунда Дингге амал менен акча топтоо, баалуу металлдарды чыгаруу жана мыйзамсыз курал алып жүргөнү боюнча айыптардын негизинде 15 миллион доллар акчалай айып пул салынды.

“Синьхуа” агенттигинин маалыматына караганда доо боюнча Дингдин бир тууганы да өмүр бою эркинен ажыратылды.

Кытай өкмөтү Интернет аркылуу кооптуу жана мыйзамсыз ишмердиктерди токтотуу максатында өткөн жылы мыйзамдарга өзгөртүү киргизген.

Динг “Ezubao” аттуу инвестиция программасы менен 95 пайызы ойдон чыгарылган долбоорлорду көрсөтүп, үстөк пайыз убада берип акча жыйнаганы белгилүү болду. Бирок акчалар артка кайтарылбаганы боюнча арыздардын негизинде 2015-жылдын декабрь айында териштирүү иштери башталган.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!