ЕККУ жана БУУ: Журналисттерди бошоткула

13-Сен. 2017, Шаршемби, 15:42

Европа Коопсуздук жана кызматташтык уюму (ЕККУ) менен Бириккен улуттар уюму (БУУ) орток билдирүү жарыялады. Анда Түркия өкмөтүн камактагы журналисттерди бошотууга чакырык жасалган. Ошондой эле түрк өкмөтүнөн басма сөз жана сөз эркиндигин камсыз кылуу зарылдыгы баса белгиленген.

ЕККУнун Медиа эркиндиги боюнча өкүлү Арлем Дезир жана БУУнун Сөз эркиндиги боюнча атайын өкүлү Дэвид Кайе орток билдирүүдө түрк өкмөтүн эл аралык келшимдерди бузуп жатканына токтолгон.
ЕККУ “Twitter” аркылуу жасаган билдирүүсүндө “Жумхуриет” гезитинде иштегендер 2 апта негизсиз айыптар менен өтөөчү жайда кармалып турганы кабыл алынгыс. Түркияны аларды тезирээк кое берүүгө чакырабыз”,-деген сөздөр жазылган.

ЕККУ жана БУУнун медиа эркиндиги боюнча жооптуу жетекчилери “Түркиянын басма сөзгө жана сөз эркиндигине кысымы өлкөдөгү журналисттердин коопсуздугуна түздөн-түз коркунуч жаратканы көңүл бурарлык.
Жаза өтөөчү жайда 161 журналист жана медиа кызматкерлери бар
Араларында журналисттер Кадри Гүрсел, Мурат Сабунжу, Ахмет Шык, адвокат Акын Аталай жана эсеп кызматында иштеген Эмре Ипер болгон “Жумхуриет” гезитинин баяндамачылары жана жетекчилерине коюлган доонун экинчи угуусу дүйшөмбүдө Силиври сотунда талкууланган. Анда айыпталуучулардын абалы өзгөрбөй турганы белгилүү болгон.

Түркия Журналисттер союзунун маалыматына караганда учурда өлкөдө 161 журналист жана медиа кызматкерлери жаза өтүүчү жайларда кармалып турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!