2024-жылдагы Олимпиадалык оюндар Парижде өткөрүлөт

14-Сен. 2017, Бейшемби, 11:28

Жайкы Олимпиадалык оюндар 2024-жылы Парижде өткөнү калды. Ал эми Лос-Анжелес Олимпиаданы 2028-жылы кабыл аларын Эл аралык олимпиада комитети Лима шаарында өткөн сессияда билдирди. Бул тууралуу “Би-би-си” кызматы кабарлады.

Париж жана Лос-Анжелес 2024 жана 2028-жылдагы жайкы Олипиада оюндарды өткөрөрү белгиленген. Бирок кайсынысы биринчи өткөрөрүн талапкерлер өздөрү чечмек.

Аталган шаарлар оюндарга эки жолу ээлик кылган. Париж спорттук оюндарды 1900, 1920-жылдары, ал эми Лос-Анжелес 1932, 1984-жылы өткөргөн.
Жакынкы Олимпиадалык оюндар 2020-жылы Токио шаарында өтөт. Бул жолу спорттук иш-чараны уюштуруу боюнча жарышка Гамбург, Рим жана Будапешт катышкан. Ал эми кышкы Олимпиаданы 2022-жылы өткөрүүгө болгону эки шаар талапкерлигин койду.

“Би-би-си” кызматынын спорттук баяндамачысы Алекс Кэпстик акыркы мезгилдерде спорттук ири иш-чараны өткөрүүгө кызыкдар калаардын саны кыскарганын белгиледи.

Мындай көрүнүштөргө жарыштарга жумшалган каражаттын көптүгү жана калк тарабынан колдоого алынбаганы себеп болууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!