Тик учактын шамалынан аэропорт жетекчиси көз жумду

14-Сен. 2017, Бейшемби, 14:22

Хорог шаарынын аэропортунун жетекчиси Дилдор Максудшоев президент Эмомали Рахмонду Тоолуу Бадахшан автономдук областынын Дарваз районуна сапары маалында тик учактын шамалынан ташка жыгылып көз жумду. Бул тууралуу “РИА Новости” агенттиги жазды.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда президенттин тик учагы абага көтөрүлүп жатканда Дилдор Максудшоев тик учакка жакын аралыкта турган. Анын шамалынан жаныдагы ташка жыгылып, оор жаракат алган. Андан улам райондук ооруканага бара жатканда көз жумган.



Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!