«Харви» ураганынан кийин белгисиз жандыктар табылды

15-Сен. 2017, Жума, 10:54

«Харви» ураганынан кийин Техас штатында деңиз жээгинен белгисиз жандык табылды.

Белгисиз жандыктын сүрөтүн биолог Прити Десай “Twitter”деги баракчасына жарыялаган. Бул тууралуу “Lenta.ru” сайты кабарлады.

“Twitter”деги биологдор, мунун эмне экенин жазгылачы. Бул Техас штатындагы Техас-Сити жээктеринен табылган жандык», - деп жазган ал.

Интернет колдонуучулары болсо, бул жандыкты балыктын бир түрү болушу ыктымал деп билдирүүшүдө.

12-сентябрь күнү “AccuWeather” метеорологиялык компаниясынын президенти Джоэл Майерс “Харви” менен “Ирма” бороондору АКШ экономикасына 290 миллиард доллар чыгым келтиргенин кабарлаган эле.

Эскерте кетсек, Кариб деңизи менен АКШда болгон “Ирма” ураганынан каза болгондордун саны 55ке жетти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!