7,3 тонна палоо Гиннесс китебине кирди

15-Сен. 2017, Жума, 14:06

Ташкентте өткөн улуттук “O"zbegim” фестивалында башкы окуя 7360 килограмм өзбек улуттук палоосунун даярдалышы болду. Бул процесске “Гиннес рекорддор китебинин” өклдөрү көз салды.

“Гиннесс рекорддор китебине кириш үчүн төрт тоннадан ашык азык заттар керектелиши керек эле. Бүгүн бул талаптардын бардыгы аткарылды. Палоону даярдоодо Гиннесс рекорддор китебинин бардык критерийлери сакталды”,-деди аталган китептин өкүлү Ричард Стенинг.

Дасыккан ашпозчулар 7360 килограмм палоону диаметри 4,2 метр, бийиктиги бир метрден ашык казанга жасашты.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!