Каталонияда референдумга өнөктүк башталды

16-Сен. 2017, Ишемби, 14:28

Каталония Испания өкмөтүнүн сындарына карабастан эгемендиги боюнча рефрендумга даярдана баштады.

Испаниянын Ички дүң өндүрүмүндөгү үлүшү 20 пайызды түзгөн Каталония башкармалыгы мындай өнөктүктөрүн Таррагона шаарындагы аренада өткөрдү. Автономиялык башкармалыктын жетекчиси Карлес Пучдемонт баштаган иш-чарага 8 миң адам катышты. Анда “Эгемендик”, “Референдумда добуш беребиз”, “Коркпойбуз” деген ураандар чакырылды. Аренага кире албай калган көп сандаган жарандар сыртка топтолуп, колдоолорун айтышты. Ошол эле мезгилде референдумга каршы болгондор келишти.

Испаниянын Башкы прокуратурасы референдумдун өтүшүн каалаган 700дөн ашык мэрди түшүнүк берүүгө чакырды. Аларга коомчулукка тиешелүү каржы булактарына, кызматкерлерди пайдаланганы үчүн айып тартары белгиленүүдө.

Прокуратура полицияга Каталониядагы добуш берүү боюнча китепчелерди жана башка документтерди камакка алууну тапшырды.

Мадрид: Референдум мыйзамсыз

Мадрид өкмөтү 1-октябрга белгиленген референдумду мыйзамсыз деп деп жарыялаган. Ага карабастан Каталонияда миңге жакын мэрлер добуш берүүчү жайларды даярдай баштаган.

Конституциялык Сот Каталонияда 2014-жылы өткөн референдумга тыю салган. Анын ордуна расмий болбогон элдин добуш берүүсүн уюштурган. Анда элдин көбү бөлүнүүгө добуш берсе, саясий өнөкүтктүн жыйынтыгы мыйзамдуу деп эсептелген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!