Назарбаев: Түрк мугалимдерин Түркияга бербейбиз

19-Сен. 2017, Шейшемби, 10:20

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Акорда сарайында журналисттерге өткөргөн маалымат жыйынында Билим инновация лицейлеринде (Казак-түрк лицейлери) кызмат өтөгөн түрк мугалимдери Түркияга берилбей тургандыгын айтты.

1.5 саатка созулган жыйында Казак-түрк лицейлеринин жана анда иштеген мугалимдердин келечеги тууралуу суроолорго жооп берүү менен буга байланыштуу жарандардан бир топ каттарды алгандыгын айтты. Түркияда өкмөт төңкөрүшкө Гүлен жамааты жоопкерчликтүү деп эсептеп жаткандыгын, миңдеген адамдар камалганын айткан Назарбаев Казакстанда ишмердик кылган окуу жайларда кызмат кылган мугалимдер тууралуу Түркиянын президенти Тайип Эрдоганга бир нече ирет маалымат бергенин белгиледи. “Бизде иштегендер күнөөлүү болсо далилдерди алып келгиле. Биздин оюбузча алар күнөөлүү эмес жана мен да аларга эч кандай жамандык кыла албайм”,-деген сөздөрүн эске салды. Ошондой эле өлкө башчысы окутуучулардан келген каттарда Түркияга берилген учурда камакка алынары жазылганын кошумчалады.

Лицейлер өлкөнүн Билим берүү министрлигине караштуу фондго өткөрүлгөнүн эске салган Назарбаев бул жерде Түркиянын да, Гүлендин да тиешеси жок экенин баса белгиледи.

Эрдоган Казакстанга жасаган иш сапарында эмнелерди сураган?

Эрдоган акыркы иш-сапарында мугалимдерге байланыштуу суроолор берилгенин айтты. “Айрым мугалимдер уруксат алып башка мамлекеттерге кетишкен. Бул жакта калгандарда айып жок. Эгерде күнөөлөрү боюнча бизге далил сунуштасаңар бирге отуруп талдап чыгалы. Тиешелүү мекемелер иликтөөлөрдү жүргүзсүн. Күнөөсүз адамдарды камакка алып же сизге (Түркия) тапшыра албайбыз. Бул боюнча биз макулдаштык. Ошентип бул тема жабылды”,-деди Нурсултан Назарбаев.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!