СПИДден күн сайын 80 адам көз жумат

19-Сен. 2017, Шейшемби, 10:45

Россияда иш алып барган СПИД борборунун маалыматына караганда өлкөдө СПИД дарты менен ооругандардын саны 1 миллион 167 миң 581ге жетет. Ал эми андан күнүнө 80 адам көз жумат.

2017-жылдын алгачкы алты айынын маалыматына караганда бул жылы январь-июнь айларында 52 миң адамга СПИД диагнозу коюлган. Россияда бул дартка кабылгандардын жарым миллионго жакыны акыркы беш жылда болгон. Адистердин айтымында мындай бейтаптардын үчтөн бири гана дарыланып, айыгышы мүмкүн.

Маалыматтарга караганда 2017-жылдын июнь айына чейин жалпысынан 259 миң 156 оорулуу көз жумган. Дагы 908 миң 425 адам бул вирус менен чогу жашап келет.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!