Афганистанга кошумча 3 миң жоокер жөнөдү

19-Сен. 2017, Шейшемби, 12:34

АКШ Афганистанга үч миңге жакын аскер жөнөттү. Алардын көпчүлүгү белгиленген жерге жеткенин шейшемби, 19-сентябрда АКШнын Коргоо министри Жим Мэттис билдирген. Анын айтымында Афганистандын аймагында 11 миң америкалык аскер бар жана алар өлкөдө абалды турукташтыруу менен алектенишет.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп Афганистандагы аскерлеринин санын көбөйтөрүн билдирип, башкаларды да Азия өлкөлөрүнө аскер жиберүүгө чакырган.

Эс алуу күндөрү Албаниянын борборуна чогулган НАТОго мүчө 29 мамлекеттин мүчөлөрү аскердик отряддарды көбөйтүү зарылдыгын белгилеген. Бирок акыркы чечим октябрь айында өтө турган жыйында чыгарылат.

АКШ армиясынын жоокерлери Афганистанда 16 жылдан бери жүрөт. Өз милдеттери менен бирге НАТОнун “Чечкиндүү көмөк” миссиясын аткарышат.

“Талибан” кыймылы позициясын бекемдегенден бери Афганистанда абал татаалдашкан. Маалыматтарга караганда өлкө аймагынын 11 пайызы козголоңчулардын карамагында калса, башка бир топ жеринде согуш жүрүп жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!