“Мария” резиденциянын чатырын учурду

19-Сен. 2017, Шейшемби, 14:38

18-сентябрда дүйшөмбүдө кечинде Кариб деңизиндеги Доминик мамлекетинде күч алган “Мария” бороону өлкөнүн премьер-министри Рузвельт Скерриттин резиденциясын олуттуу кыйроого учуратты.

“Үйдүн чатыры учуп кетти. Бороондун бийлигинде калдым. Үйгө суу кирип жатат”,- деп жазган Скеррит “Фейсбук” тармагындагы баракчасына. Бир нече мүнөттөн кийин саясатчы жаратылыш кырсыгынан аман калганын, “Мени куткарышты”,- деп жазган Скеррит.

Буга чейин АКШнын Улуттук ураган борбору “Мария” бороону максималдуу чекке же Саффир-Симпсон шкаласы боюнча бешинчи категорияга, ылдамдыгы саатына 260 чакырымга жеткенин билдирген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!