Референдумга арналган акча камакка алынды

19-Сен. 2017, Шейшемби, 16:40

Испаниянын Каржы министрлиги мыйзамсыз делгенине карабай 1-октябрда көз карандысыздыгы боюнча референдум өткөрүүнү каалаган Каталония автономдук коомчулугунун бардык каржылык булактарын камакка алды.

Испания демократиялуу тарыхында биринчи жолу автономиялуу коомчулугунун жергиликтүү бюджетине кийлигишип жатат. Ага ылайык Каталониядагы билим берүү, саламаттык, социалдык кызматтар жана кызматкерлердин маяналары сыяктуу бардык коомчулукка зарыл каражаттар мындан кийин түздөн түз Испания өкмөтү тарабынан бөлүнөт.


Каталония автономдук коомчулугу Испания өкмөтүнүн “Мыйзамсыз референдум үчүн 1 евро да коротпойбуз” деген чечими боюнча Жогорку сотко кайрылды. Мадриддин кысымына каршы чыккандар, эгемендикти жактагандар Барселона шаарында нааразычылык акцияларын уюштурду. Алар коопсуздук күчтөрүнүн референдумга байланыштуу бир миллиондон ашуун документти камакка алганына нааразычылыгын билдирди.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!