Ит акылдуубу же карышкырбы?

Ит акылдуубу же карышкырбы?
20-Сен. 2017, Шаршемби, 14:24

Карышкырды колго үйрөтүү анын интеллект деңгээлинин төмөндөшүнө алып келген. Жырткыч жандык менен үй жаныбарынын кайсынысы көбүрөөк акылдуу экенин изилдеген Австрия, Нидерландия, Германия жана Улуу Британиянын окумуштуулары төмөнкүдөй корутундуга келишти.

“Ит себептерди өздөштүрүү жагынан жана окуялар кесепеттерине байланыштуу аныктай албайт. Тескерисинче карышкырда бул жөндөм өтө жакшы өөрчүгөн”,- деп кабарлайт “lenta.ru”.

Зоологдордун макаласы “Scientific Reports” журналына чыккан.

Биологдор атайы тесттин жардамы менен 14 ит менен 12 карышкырдын интеллектуалдык жөндөмүн салыштырышкан. Алардын алдында эки жабык контейнер коюлган – бири бош, экинчисинде тамак салынган. Иттер менен карышкырлардын милдети тамак салынган идишти аныктоо эле. Бир адам аларга кыймыл-аракет менен ымдап азыктын кайда экенин көрсөтүп турган. Иттер менен карышкырлар ушуга карап туура тондоо жасоо керек эле. Натыйжасында карышкырлар адамдын жардамысыз, мисалы, идишти чайкаган кезде чыккан дабыш жана идиштин көлөмүнө карап тамакты таап алышкан.

Окумуштуулардын айтуусу боюнча, жөндөм менен ой-жүгүртүүнү түшүнүү кыйын учурлардан чыгуу үчүн карышкырларга өтө керек. Ал эми 40-12 миң жыл мурда колго үйрөтүлгөн иттер тамакты адам колунан жеп үйрөнүшкөн. Бул алардын когнитивдик жөндөмүнүн начарлашына алып келген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!