“Facebook” жабыр тарткандарга 1 млн доллар бөлөт

 “Facebook” жабыр тарткандарга 1 млн доллар бөлөт
21-Сен. 2017, Бейшемби, 15:30

“Facebook” Мексикада зилзаладан жапа чеккендерге акчалай жардам берет. Дүйнөлүк желени негиздеген Марк Цукерберг Кызыл Крестин Мексикадагы бөлүмүнө 1 млн доллар бөлөөрүн маалымдаган. Бул тууралуу “РИА Новости” кабарлады.

«Facebook мексикалык Кызыл крестке 1 млн доллар бөлөт. Бул каражат өлкөнүн жапа чеккен тургундарына гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн бөлүнүп жатат. Ошондой эле Facebook аркылуу мексикалыктарга акча которуп жаткандардан комиссия алынбаш үчүн компания “UNICEF” менен (БУУнун балдарды коргоо фонду) ынтымакташтыгын орнотту», - деп жазды Цукерберг дүйнөлүк желедеги баракчасына.

Эскерте кетсе, Мексикада болгон зилзилидан кем дегенде 230 адам каза болгон. Магнитудасы 7.1ге жеткен жер титирөө шейшемби күнү болгон. “UTC” убактысы менен жер алдындагы силкинүүлөр саат 18:14тө катталган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!