Такты таштап, акча табуунун жолун издешүүдө

22-Сен. 2017, Жума, 14:59

Обама конференцияларга барат, Саркози бренддин жүзү...

Ушул жылдын 20-январында президенттик такты Дональд Трампка өткөрүп берген Барак Обама жаңы кесипке ээ болду. 56 жаштагы мурдагы президент спикер ирээтинде конференцияларды алып барып иштемекчи.

Каржы компаниясы менен уюштурулган ден-соолук симпозиумунун спикери Обама 2 сааттык конференцияга 400 миң доллар алат. Обаманын 2010-жылы симпозиумда жасаган ден-соолукту сактоо тууралуу реформасы айтылаары белгилүү болду.

Франциянын президенттик жарыштан утулуп калган жана саясаттан коштошуу расимин өткөзгөн республиканын мурдагы президент Николя Саркози туризм тармагына кызыгуу арттырды. 62 жаштагы Саркози мейманкана чынжырынын бортунда жумушун баштады.

Мурдагы президент бул жумушту 40 миң еврого сатып алган. Ошону менен бирге ушул айда Лиондо туроператордун симпозиуму үчүн Саркозиге 100 миң евро төлөнөт. Саркози бренддинин беделин көтөрө турганы айтылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!