“Boeing 747” учактары интернетте сатыкка коюлду

26-Сен. 2017, Шейшемби, 14:22

“Taobao” веб-сайтында сатыкка чыккан үч учак 2013-жылдан бери ангарда турган, себеби “Jade Cargo International” компаниясынын ээси банкротко учураган.

Шэнь Чжэнь шаарында өткөн сот ишинин натыйжасында камакта турган учактар ачык түрдө сатыкка коюлду.

«Yancheng Evening Post» газетасынын маалыматы боюнча, сот «Boeing» жүргүнчү ташуучу учактарын интернетте сатууга уруксат берди.

Бирок, аталган аба кемелеринин ээси болуш үчүн 18-20 миллион доллар төлөөгө туура келет.

“Taobao” веб-сайты 20-ноябрга чейин учакты сатып алуучуга аванстык төлөм жасоону талап кылат жана ачык соода-сатык 20-октябрда аякталат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!