Интернеттин эң кооптуу адамы белгилүү болду

26-Сен. 2017, Шейшемби, 15:01

“McAfee” кибер коопсуздук компаниясы "Аврил Лавингди интернеттен издештирүү зыяндуу программалар менен вируска каршы сайттарга багыттоонун эң белгилүү ыкмасы",- деп маалымдады.

Коопсуздук компаниясынын маалыматына караганда, кибер кылмышкерлер көпчүлүк учурда кооптуу программаларды поп-панк ырчынын атын терген учурда чыгара турганын билдиришти. Ошону менен Аврил Лавинг эң зыяндуу атактуу ырчы болуду. Себеби издөө баскычы бекер “MP3”нин суранышы боюнча пайдалануучуларга берчү шилтемелердин 22 пайызды түзгөн вирустук сайтка алып келет. Жазууларга кызыкпаган бирок ырчынын сүрөттөрүн сактап коюну каалагандар учүн кооптуулук 14,5 пайызга чейин азаят.

“McАfee” компаниясынын “Google”, “Bing” жана “Yahoo”ну пайдалануу аркылуу жүргүзгөн изилдөөлөрүнүн натыйжалары боюнча Лавингден башка дагы вирус ташуучулар бар. Алар: Бруно Марс, Джастин Бибер, Зейн Малик, Селин Дион, Кэти Перри жана Бейонсе.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!