Япония санариптик акча чыгарат

27-Сен. 2017, Шаршемби, 13:48

Дүйнөдөгү эң ири инвестициялык “JPMorgan” банкынын жетекчиси Жеймс Даймон санариптик акча тууралуу катуу сындарын айткан. Ага карабастан Япониянын банктары жаңы санариптик акчанын үстүндө иштеп жатат. J Coin атуу санариптик акчаны Япония банктары 2020-жылдагы Токио олимпиадасына таанытууну пландоодо.

“Mizuho” жана “Japan Post Bank” “J Coin” аттуу санариптик акча боюнча өлкөнүн борбордук банкынын колдоосуна татыды. Аталган акча бирдиги акылдуу телефондор аркылуу акча которууларды, төлөмдөрдү акысыз ишке ашырууда пайдаланылат. Бул банктар жана кардарлар үчүн ыңгайлуулуктарды жаратары белгиленүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!