Пирамидалардын дагы бир сыры ачылды

27-Сен. 2017, Шаршемби, 14:27

Америкалык археолог Марк Лэнер баштаган изилдөөчүлөр тобу “Хеопс” пирамидасынын қурулушу тууралуу маалыматты илгерки папирустан аныкташты. Тактап айтканда, кагазда египеттиктердин 2,5 тонналык гранит блокторун 800 метр чакырымга чейин ташып алып келгендери көрсөтулгөн. Бул тууралуу “Daily Mail” маалымдады.

40тай кызматкердин жетекчиси болгон автор мысырлыктардын Нил суусу аркылуу кантип таштарды ташыганын жана курулуштун жүрүшүн аныктаган. Куруучулар аркандар менен бири-бирине байланган жыгач кайыктарды пайдаланып жана алар аркылуу пирамида таштарын ташышкан.


Папирус менен бирге Хеопс фараонунун күчүн кийинки өмүрдө көрсөтүүчү салтанаттуу кеменин калдыктары да табылды. Үч өлчөмдүү сканерлөө тактайлардын аркан менен байланганын аныктоого мүмкүндүк берди.

Заманбап илимий маалыматтарга шайкеш пирамидалардын ички бөлүктөрүнө арналган граниттер Асуандан алынган. Алар Гизанын түштүгүндөгү 860 чакырым жерден ташылган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!