Абаны жакшыртуучу программа кабыл алынды

27-Сен. 2017, Шаршемби, 14:42

Финляндиянын Хельсинки, Эспоо, Вантаа, Тампере, Турку жана Оулу шаарлары коомдук имараттардагы абанын сапатын жакшыртуу боюнча программа кабыл алды.

ММКлардын маалыматына караганда аталган өлкөдөгү башкы маселе турак жайлардагы ным, андан пайда болгон көк болуп саналат. 2,5 миң мектеп катышкан сурамжылоодо 400 билим берүүчү мекемелерде абанын сапаты боюнча көйгөй көп экени белгилүү болгон. Ал эми 200 мектептин өкүлү ным, андан көк пайда болгонун белгилеген.

“Коомдук жайлардагы абаны сапаты жалпы улуттун маселеси болуп саналат. Менимче бардык шаарларда бул көйгөйдү чечүүнүн жолдорун издөө маанилүү. Ал үчүн мыкты изилдөөчүлөрдү дайындоо зарыл”,-деген Эспоо шаарынын мэри Юкка Мякель.

Бул боюнча кабыл алынган программа өлкөнүн бардык шаар жана муниципалитеттеринде абанын сапатын жакшыртууга багытталары болжолдонууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!