Төрөлөөрү менен энесин кучактаган бала

27-Сен. 2017, Шаршемби, 16:56

Жарык дүйнөгө келери менен энесин кучактаган наристе көпчүлүктү сүйүнттү. Бул тууралуу “rumble.com” сайты билдирди.

Бразилиянын Санта Моника ооруканасында 2017-жылдын 5-майында кичинекей Агата Рибейро Коэльо операция жолу аркылуу дүйнөгө келген.

Жаңы төрөлгөн наристени энесинин жанына алпарган учурда дарыгерлер таң калычтуу окуянын күбөсү болушту. Алар баланын энесинен айрылгысы келбей, каттуу кучактап алганын видеого тартып алышкан.

Агата энесинин жанында өзүн өзгөчө сезген жана бир мүнөткө да жанынан чыккысы келген эмес.

Видеода көрүнгөндөй, дарыгер баланы энесинен алганда ал ыйлап баштаган. Кайра жакындатканда кайра басылып калган.

Бул видео “YouTube” желесинде 800 000 миңден ашык ирээт каралган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!