Ири алмаз 53 миллион долларга сатылды

28-Сен. 2017, Бейшемби, 11:53

Дүйнөдө чоңдугу жагынан экинчи орунда турган “Lesedi La Rona” (Биздин жарык) аттуу алмаз 53 миллион долларга сатылды.

“CNN” телеканалынын кабарына караганда чоңдугу теннистин тобундай 1 миң 109 караттык алмаздын ээси Англиянын “Graff Diamonds” компаниясы болду. Баалуу таш өткөн жылы Лондон шаарында аукционго коюлган. Бирок баштапкы баасы 70 миллион долларга алганга кардар чыккан эмес.

Алмаз 2015-жылдын ноябрь айында Канаданын “Lucara Diamond” ишканасы иштеткен Ботсванадагы кенинен тапкан. Ага аталган аймактын жергиликтүү тилинде Lesedi La Rona же Биздин жарык деген аталыш берилген.

Болжол менен 3 миллиард жыл мурда пайда болгон 1 миң 109 караттык алмаз көлөмү жагынан дүйнөдө экинчи орунда турат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!