Мексикада балык жаады

28-Сен. 2017, Бейшемби, 13:45

"Мексиканын түштүк-чыгышында асмандан жаан менен кошо балык жаады”,- деп маалымдады Тамаулипас штатынын жараандык коргоо башкармалыгы. Өзгөчө табигый кубулуш Тампико шаарында катталды. Бул тууралуу “ria.ru” маалымат агенттиги билдирет.

«Бир аз жаан жаап өттү, жаан менен бирге асмандан кичинекей балыктар да жаады», - деп кабарлаган ведомство фейсбук баракчасында.

Азыркы убакта окумуштуулар мындай табияттын күтүүсүз кубулушун түшүндүрө албай жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!