Дүйнөдөгү баалуу бренддер белгилүү болду

28-Сен. 2017, Бейшемби, 15:39

Өткөн ноябрь айында дүйнөнүн эң баалуу бренди болгон “Apple” дагы бир ирет бул сыйлыкка татыктуу деп табылды.

Дүйнөгө белгилүү “Interbrand” консалтинг агенттиги “Apple” компаниясын удаасы менен беш жыл дүйнөдө эң баалуу бренд катары тандады. “Apple” брендинин наркы 184 миллиард долларга жеткендигин билдирген агенттик мурдагы жылга салыштырмалуу аталган ишкана 3 пайыздык өсүшкө жеткенин белгиледи.

Мурдагы жылдардай эле тизмеге экинчи болуп жазылган “Google” маркасынын наркы 141,7 миллиард доллар. 2016-жылга салыштырганда баасын 10 пайызга же 80 миллиард долларга жеткирген “Microsoft” үчүнчүлүккө илинди. Кийинки болуп 64,8 миллиард доллар менен “Amazon” турат. “Apple” компаниясына атаандаш “Samsung” 56,2 миллиард доллар болгонун белгилей кетүү зарыл. Ага удаа 48,2 миллиард доллар наркы менен “Facebook” келе жатат.

“Interbrand” консалтинг агенттиги рейтинг түзүүдө компаниялардын аз дегенде үч материктеги ишмердиктерин, чет өлкөдөн келген кирешесин эске алат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!