Facebook, Google жана Twitter сурак берет

29-Сен. 2017, Жума, 11:55

Россия президенттик шайлоого кийлигишти деген иликтөөнүн негизинде технология алптары “Google”, “Facebook” жана “Twitter” АКШнын Конгрессинде сурак берет.

2016-жылдагы президенттик шайлоодо Россия Дональд Трамп үчүн иштегени боюнча божомолдорду иликтеген Сенатынын Чалгын комитети аталган социалдык тармактардын өкүлдөрүн 1-ноябрга чакырды.

Чалгын комитетинин сурагында президенттик шайлоо учурунда социалдык тармактарда бөлүшүлгөн бардык жасалма жана үгүттөөгө багытталган кабарларга токтолушат.

Социалдык тармактар аркылуу жайылтылган жалган маалыматтарга карата чара көрүлбөгөнү үчүн айыпталган “Facebook” тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг жалган кабарлар шайлоонун жыйынтыгына таасир этпегендигин айткан. Ошондой эле Цукерберг Конгресстин сурагын колдой турганын белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!