Президенттин канча байлыгы бар экендиги аныкталды

29-Сен. 2017, Жума, 12:22

АКШ президенти Дональд Трамптын дөөлөтү азыр 1 миллиард 400 миллион доллардан ашат. Бұл тууралуу маалымат президент этика маселелери жөнүндөгү мамлекеттик башкармага сунган эсепте көрсөтүлгөн.

Дональд Трамптын кирешесинин негизги бөлүгү кыймылсыз дүнүйө-мүлк, курорттор менен өз соода белгисин лицензиялоодон түшкөн. Трамптын ээлигиндеги курорттордун ичиндеги эң белгилүүсү жана анын көпчүлүк учурда эс алуучу орду – Флорида штатындагы "Мар-э-Ларго" курортунда акыркы 15 айда киреше көлөмү 37 миллион долларга чейин өскөн. Ушудан бир жыл мурда бул көрсөткүч азыркы суммадан эки эсе аз болгон. Өткен жылы октябрь айында Ак үйдүн жанында жаңыдан ачылган мейман кана ушул убакытка чейин 15 миллион доллардан ашык киреше алып келген. Трамптын компаниясынын карызы 300 миллион доллардан ашат, алардын негизги бөлүгүн кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшалган насыя каржысы түзөт.

Азыркы убакта АКШнын президентинин баардык бизнес-активин анын балдары жетекчилик кылышат. Трамптын бул мүлктү сатуудан баш тартуусун саясатчылардын көпчүлүгү сындашкан. Конгрестин 200ге жакын мүчөсү менен эки штаттын баш прокурорлору Дональд Трамптын компанияларына жасаган төлөмдөр АКШ конституциясынын коррупцияга каршы эрежелерине кайчы экенин маалымдап, сотко беришкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!