Келечектеги кайненесин сабап, кызын ала качты

29-Сен. 2017, Жума, 13:29

Индиянын Раджастхан штатындагы айылдардын биринде апасын жана бир тууганын сабап, жашы жете элек кызын алып качкан. Окуя тууралуу “The Daily Mail” басылмасы жазган.

Кабарга караганда энеси бойго жете элек кызын турмушка узаткысы келбей, аны коргоого аракеттенген. Кичине иниси эжесин жана апасын таяк менен коргоого аракет кылганына карабастан Шаукат аттуу келечектеги күйө бала жана досу кыздын апасына жана инисине кол көтөргөн.

Атасы кызын Шаукатка берерин убада кылган. Ал эми энеси жашы жеткенче кызынын үйүндө жүрүп туруусун каалаган.

Индияда кыз 18ге, ал эми күйөө бала 21ге толо электе мыйзамдуу үй-бүлөө курууга мүмкүн эмес.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!