Россия электромагниттик бомба чыгарат

29-Сен. 2017, Жума, 14:51

Аталган өлкөдө СВЧ-импульсу аркылуу душманынын техникасын иштен чыгара турган радиоэлектрондук ок дарылар жасалып жатканын “РИА Новости” агенттиги жазды.

Айрым маалымат каражаттарында Россиянын ишканалары кубаттуу “Алабуга” электромагниттик ракетасын курганы тууралуу маалыматтар пайда болгон. Анда аталган түзүмдүн бир соккусу 3,5 чакырым аймакты камтып, бардык электрониканы металлоломго айландыруучу күчкө ээ экени жазылган.

“Радиоэлектрондук технология” концернинин башкы директорунун биринчи орун басарынын кеңешчиси Владимир Михеевдин айтымында “Алабуга” конкреттүү курал эмес. Бул боюнча 2011-2012-жылдары келечекте радиоэлектрондук куралды өнүктүрүүгө багытталган илимий изилдөөлөр толугу менен аяктаган.

“СВЧ-куралы боюнча айта турсак ал жогорку кооптуулуктагы технологияларды тобуна кирет. Биз буларга байланыштуу иштердин бардыгын электромагниттик курал жасоодогу тажрыйба деп эсептейбиз”,-деди ал. Ошондой эле кеңешчи мындай иштерди дүйнөдөгү алдыңкы державалардан АКШ жана Кытай жүргүзүп жатканын кошумчалады.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!