Колумбдун каты 750 миң долларга сатылды

29-Сен. 2017, Жума, 15:40

Нью-Йорк шаарындагы “Bonhams” соода үйүнүн аукционунда Христофор Колумбдун каты рекорддук көрсөткүчтө 751,5 миң долларга сатылган.

Аталган соода жайынын билдирүүсүндө “26-сентябрда биз ачылыштар жана саякаттар тууралуу жазылган байыркы китептер, кол жазмалар сатылган аукцион өткөрдүк. Бүгүнкү күндө биздин раритеттер 1,3 миллион доллар болду. Анда Христофор Колумбдун Американы ачканы боюнча каты 751,5 миң долларга сатылды. Бул Колумб боюнча дүйнөлүк аукциондук рекорд”,-деп жазылган.

Соода үйүнүн маалыматына караганда Колумбдун саякатындагы жетишкендиктери жазылган китептер Европада XV кылымда өтө популярдуу болгон. “1493-жылы он бирден кем эмес басылмасы жарыяланган. Алар Батыш Европада, Испания, Италия, Франция, Швейцария жана Нидерланддияга кеңири тараган. Бирок учурда өтө сейрек кездешет”,-деп жазылган билдирүүдө.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!