Россия жана АКШ Айга база курат

30-Сен. 2017, Ишемби, 16:31

Негизги иштер 2020-жылдын ортолорунда башталат. Ашташкан түйүндөр жана жашоо менен камсыз кылуу Россияда иштелип чыккан изилдөөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт. Аталган өлкө бул жагынан олуттуу тажрыйбага ээ. Бул стандарттарды дүйнөдөгү бардык мамлекеттер өздөрүнүн космостук техникаларын курууда пайдаланат.

Россия жана АКШ Айга биргеликте база курары көптөн бери айтылып келген. Жакында “Роскосмос” жана NASA “биздин мамлекеттердин келечекте адамдардын космосту багындыруусу боюнча ойлору бирдей чыкты” деп бир мезгилде жарыялаган. Андыктан Россия жана АКШ Айдын орбитасына “Deep Space Gateway” станциясын курууда биргеликте иш алып барат.

Негизги иштер 2020-жылдын ортолорунда башталат. Ошондой эле бул эл аралык космостук программага башка космостук державалар кошулуу мүмкүнчүлүктөрүн карап жатканы айтылууда. Алардын алгачкылары Кытай болуп саналат.

Айдын орбитасындагы станциянн курулушунун алгачкы этабында NASA америкалык оор “SLS” ракета алып жүрүүчүлөрүн колдонууну пландоодо. Бирок аларды жылына бирөөнү гана учурганга болот. Андыктан, Роскосмос Айдагы станцияга оор “Протон-М” жана “Ангара А5М” ракета алып жүрүүчүсү үчүн инфраструктура курууга жардам берет. Ошондой эле Россия “Deep Space Gateway” станциясын жабдууга жарай турган өзүнүн оор ракетасын курууну көздөөдө.

"Роскосмос" айдын орбитасында станция курууга эл аралык техникалык стандарттарды жазып чыгуу керектигин баса белгилөөдө. Ашташкан түйүндөр жана жашоо менен камсыз кылуу Россия иштеп чыккан иликтөөлөрдүн негизинде камсыз болот.

Учурда Эл аралык космос станциясында түрдүү космостук түзүмдөр үчүн түрдүү ашташкан түйүндөр бар. Мисалы алар "Союз" жана америкалык "Шаттллдар" үчүн ылайыкталган. Ал эми "Шаттлдарга" “SpaceX Dragon” өңдүү жеке кораблдер ашташа тургандай кошумча адаптерлерди орнотуу керек. Космонавттар мындай ыңгайсыздыктарга чыдашы керек. Анткени “Муздак согуш” мезгилинде түрдүү өлкөлөрдүн космостук прорграммалары бири-бирине айырмалуу өнүккөн. Бул тармакта бирдиктүү иштер жакынкы мезгилдерде гана башталган.

Андыктан “Deep Space Gateway” долбоорунда башынан баштап кызматташуу аркылуу бирдиктүү стандарт түзүп, техникалык жагын дайыма көзөмөлдөө зарылдыгы турат.

Эгерде бардыгы пландагандай жүрсө 2040-жылы жүздөгөн адамдар Айда жашап калат. Муздан суу алып, үй курууга жетишет. Айдын кыртышына өсүмдүк өстүрүп, спорттун жеңил түрлөрүн өздөштүрүп калышат. Европалык космос агенттиги бул планды же “Айдагы айылды” толук ишке ашырса болорун белгилеген.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!