Каталония: Референдумдун жыйынтыгы жарыяланды

Каталония: Референдумдун жыйынтыгы жарыяланды
2-Окт. 2017, Дүйшөмбү, 12:17

Испаниядан бөлүнүү боюнча өткөн референдумга Каталониянын жашоочуларынын 90 пайызы добуш берди. Бул туурасында “Reuters” агенттиги жазды.

Аталган аймактын өкмөт башчысы Карлес Пучдемон эли эгемендик боюнча өз укуктарына ээ болушканын айтты. Ошондой эле ал референдумдун жыйынтыктары жакынкы күндөрдө Каталониянын парламентине берилерин, тиешелүү мыйзамдар кабыл алынарын кошумчалады.

Эгемендик үчүн референдумга аймактагы 5,34 миллион жашоочунун 2,26 миллиону катышкан. Бул добуш берүү укугуна ээ элдин 42,3 пайызын түзөт.

Каталонияда саясий өнөктүк 1-октябрда өткөн. Королдук иш-чараны өткөрүүгө тоскоолдук кылууга аракет кылган. Испан полициясы Барселонада добуш берүүгө катышкандарга резина окторун колдонушкан. Каталония бийлигинин маалыматына караганда андан жапа чеккендердин саны 844кө жеткен.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!